ТАМАК - АШЫБЫЗДЫ ЭМНЕ ӨЗГӨЧӨ КЫЛАТ ?

Жаңы даярдалган – дайыма мыкты!
1. Жаңы даярдалган – дайыма мыкты!

Биздин тамактарыбыздын таң калыштуу даамы (тим эле шилекейиң агат) тамак бергенге чейин бир нече мүнөттө даярдалганы менен түшүндүрүлөт. Тоок этинен жана бургерлерден тартып картөшкө фри жана салаттарга чейин – сиз буйрутма кылган бардык тамак дароо даярдалат!

Балапандарды багуу шарттары
2. Балапандарды багуу шарттары

KFC үчүн гана арналган балапандарды багуу шарттары жаныбарларга кам көрүү стандарттарына шайкештикке көз карандысыз эл аралык компаниялар тарабынан кылдат жана пландан тышкары текшерилет.

Чийки зат
3. Чийки зат

Биздин бардык жеткирип берүүчүлөр GFSI боюнча тастыктамаланган жана эл аралык рейтинг агенттиктери тарабынан да, көз карандысыз ички инспекторлор тарабынан да ден соолук жана коопсуздук жаатындагы эл аралык стандарттарга шайкештикке текшерилген, алар биз колдонгон чийки заттын баары эң жогорку стандарттарга шайкеш келээрин ырастайт.

Ашпозчуларды тастыктамалоо
4. Ашпозчуларды тастыктамалоо

Ар бир ашпозчу айына 2 жолу рецепттерди билүүгө аттестациядан өтөт! Ушундай жол менен гана полковник Сандерс өз ишинин жыйынтыгы менен сыймыктана алат!

Майларды текшерүү
5. Майларды текшерүү

Биздин фритюраларда майлардын кычкылдыгын контролдоо күнүнө эки ирет өткөрүлөт. Уруксат берилген мааниден ашып кеткенде май дароо алмаштырылат!

Даярдоо технологиялары
6. Даярдоо технологиялары

Ар бир оонатуу (панировкалоо) алдында унду элөө. Ар бир ресторанда ун күнүнө 100 жолуга чейин элениши мүмкүн.

Сапатты контролдоо
7. Сапатты контролдоо

Тоок этин меймандарга берүүдөн мурда ар бир кесимин текшеребиз. Эгерде алар идеалдуу болбосо, сиз аны көрбөйсүз

Даярдоо узактыгы
8. Даярдоо узактыгы

Температуралык иштетүү убактысы тоок этинин ар бир өзүнчө бөлүгү үчүн жекече. Керектүү убакытка жеткенден кийин даярдоо токтотулат. Мисалы, бүтүн тоок этинин кесимдери 90 мүнөт, ал эми кытырак стрипс – 45 мүнөт даярдалат. Бир дагы мүнөт ашыкча эмес!

Тоок этинин температурасы
9. Тоок этинин температурасы

Тоок этинин температурасы ресторанда болгон убакта эч качан +4°С ашпайт, ал эми фритюрадан кийин кеминде +85 градусту түзөт!

Жашылчалардын температурасы
10. Жашылчалардын температурасы

Жашылчалардын температурасы даярдоо убагында +5 градустан төмөн. Эч бир тамашасы жок! Биз жашылчаларды ISO 22000 (HACCP) стандартына негизделген жол-жоболорго ылайык жууйбуз. 

Курамдык бөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтү
11. Курамдык бөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтү

Биздин курамдык бөлүктөрүбүздүн (жашылчалар, сүр быштак ж.б.) түздөн-түз тамакты даярдоо ордунда болуу убактысы эң көп дегенге 3 саатты түзөт. Бир дагы мүнөт ашыкча эмес!